• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Зулушев менен Төрөбаев Кара-Кулжанын эли менен жолукту

10 Аяк оона 2022 15:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн,10-сентябрда Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка карганда, жыйында жергиликтүү тургундар социалдык көйгөйлөр, коомчулукта орун алган мыйзам бузуулар, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер тууралуу суроолорду беришип, кайрылууларын узатышты.

Башкы прокурор ар бир кайрылуу мыйзам чегинде каралаарын белгилеп, ыкчам жана калыс чаралар көрүлөөрүн билдирди.

Жолугушууга Кара-Кулжа районунун 300дөн ашуун тургуну катышты.

Количество просмотров: 437