• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Зулушевдин коррупцияга шектелген кайниси үй камагына чыкты

28 Баш оона 2023 12:52 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Биринчи май райондук соту 30-майда эле башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бажыдагы коррупцияга шек саналып кармалган кайнисин үй камагына чыгарганы белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Н.Н.Кнын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. Бөгөт чарасынын мөөнөтү 7-июлда каралып, 14-сентябрга чейин узартылган.

Эске салсак, УКМК ушул жылдын март айында Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкери жана жеке компаниянын үч өкүлү коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Алар Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келген туруктуу канал уюштуруп алганын кабарлаган. Кармалгандардын арасында башкы прокурордун бир тууган кайниси дагы болгон. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулу дагы бардыгы тууралуу маалыматтар чыккан.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 26-майда Зулушевдин кайниси бар экенин бышыктап, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү аныкталганын билдирген. Анда зыянды эки эселеп төлөп беришсе абактан чыгарышарын айткан.

Количество просмотров: 112