• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Зындан тоо көлүнөн коргонууга дамба курулду

13 Чын куран 202621:13 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Туура-Суу айылында Зындан тоо көлүнүн жарылып кетүү коркунучунан коргоочу дамба курулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, узундугу 284 метр болгон дамбаны ӨКМдин аймактар аралык коргоо борбору курган. Долбоорду каржылоо климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктерге калктын туруктуулугун жогорулатууга багытталган ЮНЕСКОнун долбоорунун алкагында ишке ашырылган.

Акыркы жылдары мөңгүлөрдүн эриши жана тоо көлдөрүнүн көбөйүшү алардын жарылып кетүү коркунучун күчөтүүдө. Бул тоолуу аймактардагы калкка, инфраструктурага жана жашоо-тиричилик булактарына олуттуу коркунуч жаратып келет.

Мындай шартта курулган селден коргоочу дамба Туура-Суу айылынын жана ага жакын аймактардын сел коркунучун азайтууда маанилүү роль ойнойт.

Эске салсак, өткөн жылы жаан-чачындуу мезгил жергиликтүү тургундар үчүн кооптуу кырдаалдарды жараткан.

Количество просмотров: 122