• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Зыяратчылар үчүн бирдиктүү форма тандалды

17 Жетинин айы 202410:18 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2025-жылы ажылыкка бара турган зыяратчылар үчүн жилет тандап алды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Сынак октябрь айында жарыяланып, жыйынтыгы 14-ноябрда чыгарылды.

Белгиленгендей, тандоо учурунда сунушталган жилеттердин сапатына, курамына, баасына, ыңгайлуулугуна, дизайнына жана түсүнө өзгөчө көңүл бурулган.

Сауд Арабиясы 2025-жылдагы ажылык сапарга Кыргыз Республикасынан баруучу зыяратчыларга 6 миң квота бөлдү.

Количество просмотров: 166