• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

1:0. Ак шумкарлар эсепти ачты

10 Кулжа 2023 22:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-июнда Бишкекте футбол боюнча CAFA NATIONS CUP-2023 мелдеши өтүп жатат.

Анын алкагында Кыргызстандын футбол курамасы Ооганстандын командасы менен кез келди.

Оюндун кошумча мүнөтүндө кыргызстандык футболчу Эрнис Батырканов эсепти ачты.

Белгилүү болгондой, 26-апрелде Дүйшөмбү шаарында Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын курамаларынын арасында өтө турган CAFA турниринин тайпалык баскычына чүчү кулак ташталган. Анын жыйынтыгында Кыргызстан Ооганстан жана Иран менен «В» тайпасына жайгашкан.

«В» тайпасынын беттештери Бишкекте 10, 13, 16-июнда, ал эми «А» тайпасынын оюндары 11, 14, 17-июнда Ташкентте өтө турган болгон.

Количество просмотров: 130