• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

1 207 киши Кыргызстандын жарандыгын алды

20 Тогуздун айы 2021 9:31 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу боюнча жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалат.

Маалым болгондой, жарандык берүү жана жарандыктан чыгаруу боюнча жалпы 1 260 (865 чоң киши, 395 бала) арыз келип түшкөн. Тизмеден көрүнүп тургандай, жарандык алгандардын басымдуу бөлүгүн этникалык кыргыздар түзгөн.

Мунун негизинде өлкө башчы үч жарлык менен 1 207 адамды (820 чоң киши, 387 бала) жарандыкка кабыл алса, дагы бир жарлык менен 53 адамды (45 чоң киши, 8 бала) жарандыктан чыгарган.

Количество просмотров: 158