• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

1-апрелден тартып ОСАГО полиси жок юридикалык жактарга айып салына баштайт

29 Жалган куран 2023 8:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-апрелинен тартып Автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу (ОСАГО) полиси жок юридикалык жактарга айып салына баштайт. Бул тууралуу агенттикке Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү токтом долбооруна министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Документке ылайык, 2023-жылдын 1-апрелине чейин юридикалык жактардын, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде же ээлигинде турган автотранспорт каражаттары милдеттүү түрдө камсыздандырылышы керек.

Ал эми калган бардык автоунаа ээлери үчүн ОСАГО 2024-жылдын башынан тарта милдеттүү болуп саналат.

Количество просмотров: 76