• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Төрт талапкерге айып пул салынды

22 Жетинин айы 202511:48 Бишкек Govori.TV

БШК 21-ноябрда шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузган үч жана атаандашынын ар-намысына шек келтирген бир талапкер боюнча маселелерди карап, баарына айып пул салуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтындагы маалыматта жазылган.

Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумуш тобу социалдык тармактарга мониторинг жүргүзгөңү айтылды.

Натыйжада үгүт шарттарын бузду деп № 22 округдан Эмилбек Абдыкадыровго, № 12 округдан Нуркан Койчумановага жана № 10 округдан Жыргалбек Саматовго 7500 сомдон айып пул салынды. Ал эми № 6 шайлоо округунан талапкер Бекболот Арзибаевге атаандашы Алтынбек Кудайбердиевдин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалымат камтылган жарыя тараткандыгы үчүн 12500 сом айып пул салуу чечими кабыл алынганы белгиленди.

Количество просмотров: 127