• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

1-декабрда кинотеатрлар ачылат

25 Жетинин айы 202012:46 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 1-декабрдан тарта кинотеатрлар ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кабарлады.

Анын айтымында, сунуш Республикалык штабга берилгенден кийин алар уруксат кылган.

“Кинотеатрларды 1-декабрдан тарта ачуу боюнча чечим кабыл алганы жатабыз, бирок залдар 50 пайызга гана толот. Соода борборлордогу тамак-аш саткан жайлар дагы ачылат”, — деди Түлөбаев.

Белгилей кетсек, буга чейин Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков өлкөдөгү кинотеатрлардын ишин жандандырууну сунуштаган. Кинотеатрлар 2020-жылдын 17-мартында пандемияга байланыштуу жабылган.

Количество просмотров: 77