• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров Тажикстан менен чек ара посттору качан ачыла турганын айтты

13 Бештин айы 202413:17 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы толук чечилгенин билдирип, ал тууралуу документтер парламентке жаңы жылдан соң алынып келинерин айткан.

Бүгүн президент Садыр Жапаровго чек ара боюнча «Кабар» агенттигине маек куруп, кыскача комментарий берди.

Ошондой эле Садыр Жапаров Тажикстан менен чек ара посттору качан ачыла турганы тууралуу суроого жооп берип, мындай деди:

«Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин бүтөөрү менен ачылат. Жергиликтүү элдин талабы да бизге ушундай болчу. Делимитация иштери бүткөндө ачкыла деген. 3 жылдан бери чек ара посттору жабык турат. Мындан эки тарап тең экономикалык зыянга учурады. Соода-сатык токтоп калды. Эми чек ара постторун ачып, эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыкты эң жогорку денгээлге чейин чыгарышыбыз керек. Мындан ары эки элдин ортосунда эч кандай талаш-тартыш маселелери болбош керек. Эки эл ынтымактуу жашасак ошол өрөөнгө инвесторлор, туристтер агылып келет. Эки элдин жашоо турмушу оңолот. Чек ара маселеси бүтпөгөн жерге эч бир инвестор келбейт экен, кызыкпайт да экен».

Количество просмотров: 271