Эгемендүүлүк күнүндө президенттик администрациянын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи боло турганы кабарланды.
Бишкектин түштүгүндөгү имаратты курууга эки жылдан ашык убакыт кетти. Жаңы имарат «Ынтымак – Манас Ордо» деп аталат.
Участоктун жалпы аянты — 25,78 гектар. Объект Чыңгыз Айтматов проспектиндеги «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна курулду.