Кыргызстанда 8-майга карата 63 миң 144 бала электрондук түрдө 1-класска катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнөн билдиришти.
Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:
Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:
1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
5. №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.
Белгилей кетсек, балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына электрондук каттоонун I этабы 8-апрелде башталган.