• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

1-класска электрондук каттоо 8-апрелде башталат

4 Чын куран 2024 10:47 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 8-апрелден тартып 2024-2025 окуу жылына балдарды 1-класска электрондук каттоо башталат. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде өткөн маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди.

Министрдин орун басары маалымдагандай, быйыл дагы жылдагыдай эле 1-класска кабыл алуу эки этап менен жүргүзүлөт:

  • биринчи этап 8-апрелден 2-июнга чейин;
  • экинчи этап 3-июндан 30-августка чейин.

Анын айтымында, мектептерге кабыл алуу жылдагыдай эле 1-класска 6 жана 7 жаштагы балдар кабыл алынат.

«Биз 12 жылдык билим берүү системасына өткөнгө даярданып жатабыз. Бул этап-этабы менен жүргүзүлүүчү жумуш болгондуктан эч кандай адашуулар болбош керек. Бизде мурда нөлүнчү класстар 480 саат «Наристе» окуу программасы боюнча окутулуп келген. Быйыл деле 6 жашка чыккан балдар ошол программа боюнча окутула берет. Эгерде бала 7 жашка чыкса, анда ата-эне аны 1-класска каттатууга милдеттүү болуп саналат», — деди ал.

Теги:
Количество просмотров: 70