• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

1-класска электрондук каттоо качан башталат?

3 Чын куран 202313:11 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этап – жашаган жерине карабастан (26-июндан 31-августка чейин).

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек.mektep.edu.gov.kg порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл.

10-апрелден тарта дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дөн 18:00гө чейин жарандарга кеңеш берүү үчүн чалуу борбору иштей баштайт.

Количество просмотров: 181