• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Министрлик ата-энелер менен мугалимдер жаңжалы боюнча маалымат берди

24 Чын куран 202616:04 Бишкек Govori.TV

Агартуу министрлиги социалдык тармактарга тараган Алай районундагы мектептердин биринде окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы пикир келишпестик тууралуу видеого түшүндүрмө берди.

Окуя 22-апрелде Алайдын Мурдаш айылындагы А.Жээнбеков атындагы мектепте болгону маалымдалды.

21-апрелдин кечинде, мекеме билдиргендей, 9-10-класстын окуучулары айылдан тыш жерге чогулуп, пикир келишпестигин чечмек болгон. Муну уккан мугалимдер ошол жерге барып, окуучуларды үйүнө тараткан.

“Таркатуу учурунда мугалимдер окуучуларды колунан тартып, түртүп жибергендиктен 22-апрелде ата-энелер окуучулардын булчуң эти ооруп жатканын айтып мугалимдерге нааразылыгын билдирип келишкен. Натыйжада ата-энелер менен мугалимдер ортосунда пикир келишпестик орун алган”, — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Териштирүүдөн кийин мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Б.Р., директордун тарбия иштери боюнча орун басары Б.А. жана мугалим К.у.Р.га сөгүш берилгени айтылды.

Мунун алдында социалдык тармактарда мектепте мугалимдер менен ата-энелердин ортосундагы жаңжал деген видео тараган.

Количество просмотров: 140