• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

1-класстын окуучуларынын колдоруна ийне сайган мугалим иштен алынды

17 Чын куран 202415:32 Бишкек Govori.TV

Ташкенттин Сергели районунда 1-класстын окуучуларынын колдоруна ийне сайганы аныкталган мугалим иштен алынды. Бул тууралуу Өзбекстандын Балдар акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-апрелде №277 мектептин 1″е»-классында окуган 15 окуучунун ата-энеси директорго кайрылып, класс жетекчисинин аракеттерине даттанышкан.

Кайрылууда ата-энелер мугалим «балдарды тарбиялоого аракет кылып», алардын колдоруна ийненин жана бурамалардын жардамы менен жаракаттарды келтиргенин айтышкан.

«1»е»-класстын жетекчиси С.Р. балдарга карата кабыл алынгыс аракеттерди жасаганына байланыштуу аны менен түзүлгөн эмгек келишими жокко чыгарылып, иштен алынды», – деп жазылган расмий билдирүүдө.

Учурда райондук ички иштер башкармалышы бул факты боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө. Балдар акыйкатчысы ишти өз көзөмөлүнө алды.

Количество просмотров: 785