• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

1-октябрдан тартып эң аз пенсия 7100 сом болот

5 Аяк оона 202515:35 Бишкек Govori.TV

1-октябрдан тартып Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү көбөйөт. Министрлер кабинетинин № 534 токтомунда “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына ылайык 1-октябрдан тартып пенсия 7100 сомдон кем болбойт деп белгиленген.

2025-жылдын 1-октябырынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №534 токтому менен пенсияларды камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүнүн инексациялоо коэффициенти камсыздандыруу бөлүгү 50 000(элуу мин) сомго чейин болгон пенсиялар үчүн 1,10 өлчөмүндө бекитилди.

Маалыматта айтылгандай, 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө кеминде 600 сомдон кошулат. Ал эми 50 миң сомдон көп суммада пенсия алгандарга эң көбү 5 миң сом кошулат.

Токтом 2025-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Эске салсак, былтыр 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18% жогорулап, эң аз пенсия 6900 сомго жеткирилген.

Количество просмотров: 330