• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түркияда иштеген кыргызстандыктар келечекте пенсия ала алышат

20 Жалган куран 202510:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын жарандарынын Түркияда иштегени келечекте пенсия алуу укугун камсыздайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 1-ноябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди.

Келишимдин алкагында Түркия мамлекетинен бүгүнкү күнгө чейин 344 стаж боюнча суроо-талаптар келип түшкөн. Анын ичинен 340 кайрылуу каралып, жооптор берилди.

Келишимге ылайык, Түркия Республикасы бир гана Кыргыз Республикасынын жаранына пенсия каралган (пенсиянын суммасы 490 түрк лирасы).

Количество просмотров: 253