№1 түзөтүү мекемесинде болжол менен 50-60 адамдан турган соттолгондордун тобу мекеменин кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбестик көргөзгөн иш — аракеттерине өз убагында бөгөт коюлду. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам жана режимдик иш-чаралардын натыйжасында, анын ичинде жалпы тинтүү, топтун баш ийбөөчүлүгүнүн башкы уюштуруучулары жана үгүттөөчүлөрү аныкталып, обочолонду.
Иш — чаранын жүрүшүндө 11 грамм баңги заты, 22 уюлдук телефон, 120 даана кесүүчү — сайуучу буюмдар, курамында спирт бар колга жасалган 1 л зат жана 146 даана ар кандай буюмдар табылып алынды.
Аталган фактылар боюнча МКЖ АМСна каттоо жүргүзүлүп, тергөө иштери башталды. №1 түзөтүү мекемесинде кырдаал туруктуу, мекеме штаттык режимде иштеп жатат.
Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан соттолгондордун кылмыштуу уюмдарына жана башка деструктивдүү топторуна каршы күрөшүү, ошондой эле пенитенциардык мекемелердеги жазык-криминалдык субмаданиятты жоюу боюнча системалуу иштер улантылууда.