• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ЖАМК: Абактагылар менен жолугушуулар убактылуу токтотулду

31 Жалган куран 2020 10:18 Бишкек Govori.TV

Абактагылар менен жолугушуулар кырдаал турукташканча токтотулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаевдин катышуусунда чукул өткөрүлгөн жыйында белгилүү болду.

Маалымататка караганда, жабык жайларда отургандарга сырттагы жакындарынан буюм-тайым, азык-түлүк берүү да чектелет. Дары-дармек, гигиеналык каражаттар жана жууп-тазалоочу буюмдарды берүүгө уруксат.

«Абактардан жугуштуу илдет боюнча кайрылгандар болгон жок. Бардык түзөтүү мекемелеринде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Абактагыларга жана кызматкерлерге коронавирус илдети, анын таркашы жана кесепеттери тууралуу маалымат берилген. Кызматкерлер тепловизор аркылуу текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Оорудан сактоочу тиешелүү каражаттар менен жабдылган»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 82