• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

1 тонна 525 литр күйүүчү-майлоочу май мыйзамсыз сатылган

11 Бештин айы 202410:38 Бишкек Govori.TV

Мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу май саткандарды аныктоо боюнча рейдде жалпысынан 1 тонна 525 литр алынган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын аймагында күйүүчү майларды мыйзамсыз сатуу фактыларын аныктоо боюнча иштер улантылып, ага шаардык мэриянын Муниципалдык инспекциясы, Мамлекеттик салык кызматы жана милициянын патрулдук кызматынын башкармалыгы катышууда.

Жалпысынан 1 тонна 525 литр ГСМ алынган. Жол боюнда саткандарга Укук бузуулар кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүгү боюнча 3 протокол түзүлүп, 9 000 сом айып пул салынган.

Ошондой эле көпчүлүк сатуучулар өз соода иштерин жүргүзүү максатында дарактарга күйүүчү майдын баасы жана төлөм реквизиттери көрсөтүлгөн такталарды илип, дарактарга зыян келтиришкен.

Күйүүчү майды мыйзамсыз саткан сатуучуларды аныктоо боюнча рейддер улантылат.

Количество просмотров: 165