• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

21 Үчтүн айы 20268:58 Бишкек Govori.TV

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын директору болуп Өмүркулов Эркинбек Кубанычбекович дайындалды. Өз кезегинде Токтогонов Элдияр Таштемирович ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле «Бишкекмончо» муниципалдык ишканасынын директору болуп Адылхан уулу Самат дайындалды. Ал буга чейин аталган ишкананын директорунун орун басары кызматын аркалап келген.

Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Количество просмотров: 234