Өкмөт жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн оң рулдуу унааларды пайдалануунун социалдык маанисин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алмазбек Эргешовдун көрсөтүлгөн тыюу салуунун күчүнө кирүү мөөнөтүн 2025-жылга чейин жылдыруу жөнүндө демилгесин колдойт.
Айрым унаа ээлеринин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын позициясы эске алынып, парламент тарабынан мыйзам долбоорунун тагдыры чечилгенге чейин 2020-жылдын 1-январынан тартып унаалардын бул категориясын айдоочуларга айып салбоо чечими кабыл алынды.
2020-жылдын 1-январынан баштап жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн автомобилдин огуна карата алганда рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автомобилдерди пайдаланууга айыппул салынбайт.