• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Мыйзамсыз балык уулап жаткан үч жаранга айып салынды

30 Кулжа 202613:25 Бишкек Govori.TV

Кочкор районунун Арсы айылындагы “Пруд” тилкесинде эч кандай уруксат кагазы жок балык уулап жаткан үч жаран аныкталып, айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факт министрликтин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери өткөргөн кезектеги рейд учурунда катталган.

«Бүгүнкү күндө балыктарды мыйзамсыз уулоонун алдын алуу жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле мындай текшерүүлөр аймакта туруктуу жүргүзүлүп турат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 10