• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

10-декабрда күтүлгөн аба ырайы

9 Бештин айы 2021 14:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 10-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Кээ бир райондорго туман түшөт. Жолдордо кар, муз тоңот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз +7…+12;

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн -4…+1, күндүз +8…+13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7;

Бишкек шаарында 10-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +10…+12 градус жылуу.

Количество просмотров: 450