• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

10 күндөн бери дайынсыз. Семёнов чокусунан чет элдик жаран изделүүдө

24 Теке 20239:49 Бишкек Govori.TV

«Семёнов — Тянь-Шань” чокусунан 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан чет өлкөлүк жаран изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 23-июлда саат 07:30да Семёнов чокусунун батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнү кароого «Эдельвейс» кошуунунан 8 куткаруучу чокусуна чыгып кетишкен.

«Анын түндүк-батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнүн ылдыйтан өйдө карай издөө иштери жүргүзүлүүдө. Саат 15:15те күн ысып, кар эрий баштагандыктан, кар көчкүдөгү куткаруу иштери убактылуу токтоп, куткаруу тобу Семёнов чокусунан Хижина Рацекага кайтышты издөөдөн жыйынтык болгон жок».-деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, «Семёнов — Тянь-Шань» чокусуна 14-июлда К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран чыгып кетип, байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу туугандары кабарлашкан.

Количество просмотров: 59