• Шейшемби 21 Теке 2026
  • Вторник 21 Июль 2026

Кыйын: Климаттык өзгөрүүнүн аялдарга жана балдарга тийгизген таасири

21 Теке 202616:04 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген лидер айымдар борбор калаада чогулушту.

Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.

Бүгүнкү эфирде «Климаттык өзгөрүүнүн аялдарга жана балдарга тийгизген таасири» деген тема талкууланат.

“Кыйындын” катышуучулары:

  • Айгүл Орозалиева — Ноокат шаардык кеңешинин депутаты;
  • Танзила Садирова — Ноокат району, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрайымы, айылдык кеңештин дерутаты, соцкызматкер;
  • Ыкбалкан Айтматова — Аялдар демократиялык тармагынын Ош облусу боюнча жаштар канатынын координатору, жеке ишкер.
Количество просмотров: 26