Турганбаев Кубанычбек Жээналиевич транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бүгүн Кубанычбек Турганбаев министрликтин жамаатына тааныштырылды.