Эртең, 10-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан, кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көлдүн кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14;
Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +6…+11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9;
Бишкекте түнкүсүн +4…+6, күндүз +12…+14 градус болот.