• Дүйшөмбү 13 Теке 2026
  • Понедельник 13 Июль 2026

Чолпон-Ата жана Бостериде мыйзамсыз курулуштар аныкталды

13 Теке 202617:26 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Бишкек экологиялык прокуратурасы тарабынан Ысык-Көл районунда экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Чолпон-Ата шаарындагы жана Бостери айылындагы туристтик эс алуу жайларында тазалоочу курулмаларынын айланасындагы санитардык-коргоо зоналары боюнча мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан тазалоочу курулмалардын санитардын-коргоо зонасынын ичине курулуш иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү шаар куруу корутундулары мыйзамсыз берилген.

Аталган фактылар боюнча Экологиялык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, тазалоочу курулмалардын айланасындагы мыйзамсыз курулган 30 объект боюнча чараларды көрүү тууралуу тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга прокурордук акт келтирилди.

Количество просмотров: 32