Акыркы суткада 105 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
«Бишкек шаарында 25, Чүй облусунда 13, Ош шаарында 19, Ош облусунда 14, Жалал-Абад облусунда 5, Баткен облусунда 21, Ысык-Көл облусунда 8 медкызматкер илдетке кабылды»,-деди Акматова.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1980 учур катталды, алардын ичинен 576 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.