Эртең, 11-январда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде кар жаап, муз тоңот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5;
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8;
Бишкек шаарында түнкүсүн -1…-3, күндүз +1…+3 градус болот.