• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

11 журналисттин иши боюнча депутаттар комиссия түзөбү?

7 Бирдин айы 2024 13:05 Бишкек Govori.TV

Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен шек саналып камакта жаткан иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбеков кечээ Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, 11 журналисттин иши боюнча депутаттык комиссия түзүү сунуштаган.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 69