Бүгүн, 20-июлда Нарын облусунун Кочкор районундагы базардан өрт чыкты. Бул тууралуу күбөлөр маалымдады.
Маалыматка ылайык, өрт базардагы азык-түлүк саткан ири дүкөндүн аймагынан чыккан.
Жеринде өрт өчүрүүчү бир нече топ иш алып барууда.
Толугураак маалымат кийинчерээк берилет…