“Алтынкен” ишканасы жайгашкан аймакта тоо бооруна 2015-жылы эки тилде жазылган ураанды алып салуу боюнча иштер башталды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, бул акыркы күндөрү социалдык тармактарда биздин кен аймагындагы тоого жазылган жазуу боюнча ар кандай талкуулар жүрүп жатканына байланыштуу.
«Бул жазуу 2015-жылы ошол учурдагы бийликтин талабы менен экологияны сактоого чакырык катары жазылган. Ал учурда ишканада жергиликтүү жарандар менен катар Кытайдан келген адистер да эмгектенгендиктен, чакырык эки тилде берилген. Анын мааниси бирөө гана — кен байлыкты өндүрүү менен бирге жаратылышты, тоолорубузду жана сууларыбызды сактоо. Бул жерде эч кандай саясий маани жок, бул ар бир кызматкерди жаратылышка аяр мамиле кылууга үндөгөн экологиялык чакырык. Ал кезде кызматкерлердин 60 пайызга жакыны Кытайдан келген адистер болсо, бүгүнкү күндө биздин кызматкерлердин 95 пайызын Кыргызстандын жарандары түзөт», — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин социалдык тармактарда Кеминдеги кендердин биринде тоолорго кытайча жазуу жазылганы боюнча маалыматтар тарап, талкууларды жараткан.