• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жакшы кабар! 263 адам коронавирустан сакайды

12 Баш оона 202011:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 263 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

«Бишкек шаарында 14 киши, Ош шаарында – 24, Чүй облусунда – 28, Ош облусунда – 63, Талас облусунда – 26, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 55, Жалал-Абад облусунда – 32, Баткен облусунда 13 бейтап коронавирустан айыкт»,-деди ал.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 33 миң 27ге жетти.

Количество просмотров: 171