• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Бишкекте боору алмаштырылган бейтаптын абалы айтылды

11 Кулжа 2024 17:40 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев күн мурун боору алмаштырылган бейтаптын абалы менен таанышты.

Маалыматта айтылгандай, учурда бейтаптын жана донордун абалы туруктуу деп бааланууда.

Кыргыз-түрк достугу ооруканасында ушу тапта 50 жаштагы аялдын боорун алмаштыруу боюнча экинчи операция жасалууда. Ага кызы донор болуп жатат.

Кыргызстандык дарыгерлерге түркиялык адистер көмөктөшүүдө.

Белгилей кетсек, күн мурун Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктаган болчу.

Количество просмотров: 116