• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

12-13-октябрда жолдор убактылуу жабылат

6 Тогуздун айы 2023 14:40 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө 12-13-октябрь күндөрү унаа кыймылы үчүн мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чектөөлөр 13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлкекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өткөндүгүнө байланыштуу киргизилет.

Төмөндө чектөө киргизилчи көчөлөрдүн тизмеси:

— Манас Эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
— Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып Чүй проспектисине чейин;
—Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
— Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
— “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан тартып “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине чейин;
— Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолу (объездная дорога) аркылуу Кант шаарына чейин.

ЖКККББ жалпы айдоочуларды мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоого, зарыл болбосо оор жүк ташуучу унаалар жолго чыкпай турууга жана жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 781