• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Эртең Бишкекте айрым көчөлөр жабылат

8 Бугу 2022 14:59 Бишкек Govori.TV

Эртең, 9-майда Бишкек шаарында «Өлбөс полк» жүрүшүнө байланыштуу айрым көчөлөр жабык болот. Бул тууралууКайгуул милициясы кабарлады.

Маалым болгондой, катышуучулар саат 9:00-13:00 аралыгында Дайыр Асанов атындагы «Жеңиш» паркынан «Жеңиш» аянтына чейин жүрүш жасашат.

«Байтик Баатыр жана Жусуп Абдрахманов проспектинин Аалы Токомбаев көчөсү менен Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгү, Жумабек көчөсүнүн Жусуп Абдрахманов проспекти менен Султан Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү тосулат»,-деп айтылат маалыматта.

Иш-чараны Ички иштер министрлигинин кызматкерлери көзөмөлдөйт.

Количество просмотров: 223