12-мартта түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13;
Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…+1, күндүз 9…14;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;
Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -1…-6 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 11…13 градус болот.