9-10- сентябрь күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстанда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ эскертет.
ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдырына ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Түп райондорунда, Чүй облусунун Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунда, Нарын облусунун Кочкор, Нарын, Ат-Башы, жана Жумгал райондорунда, Талас облусунун Ч.Айтматов, Бакай-Ата, Манас жана Талас райондорунда, Жалал-Абад облусунун Чаткал, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, жана Токтогул, райондорунда, Ош облусунун Чоң-Алай, Алай, Кара-Суу, Араван жана Кара-Кулжа райондорунда, Баткен облосунун Лейлек районунда жана Бишкек, Ош шаарларынын аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо процесстердин активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн.
Төмөнкү унаа жолдорунда таш кулашы жана сел жүрүшү мүмкүн:
Бишкек — Ош унаа жолунун 150-246 чакырымдарында;
Бишкек — Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-138 чакырымдарында;
Балыкчы —Ананьево — Каракол унаа жолунун 43-190 чакырымдарында;
Балыкчы —Бөкөнбаев —Каракол унаа жолунун 90-200 чакырымында.