• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

12-мартта мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт

12 Жалган куран 2018 9:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.03.2018.Govori.TV
Бүгүн 12-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында кээ бир райондорунда да жаан-чачын болот. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге жетиши күтүлөт.
13-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, автожолдордо кар күрткүсү жана кар көчкү жүрүү коркунучу сакталат, айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Абаны температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 5…10,
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10,
Баткен облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 6…11,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 6…11,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7 градус болот.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -1…-6 градус болот.
Бишкек шаарында 12-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7, күндүзгү жогорку температурасы -1…6 жылуу болот.
Количество просмотров: 28