Бишкекте 12 миң долларын жоготкон жаранга акчасы катырылды. Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин шаардык бөлүмүнөн билдиришкендей, акчаны «Унаа» ишканасынын кызматкерлери таап, ээсине кайтарышкан.
Окуя 28-ноябрь күнү «Унаа» ишканасынын күтүү залында сумкасын унутуп калган учурда болгон. Аны дагы бир келген киши таап, жумушчуларга берген.
Унаадан алар кишини таап, сумканы кайтарып беришти. Кийинчерээк анда унааны сатуудан түшкөн ири суммадагы акча бар экени белгилүү болгон.