Милициянын кайгуул кызматынын маалыматы боюнча милиция кызматкерлери тарабынан жөө жүргүнчүнү сүзүп, өзү качып кеткен айдоочу табылды.
Маалыматка ылайык, окуя Садырбаев менен Семетей көчөлөрүнүн кесилишинде 2-март күнү болжол менен саат 11:30 чамасында болгон. Айдоочу 2008-жылы туулган кызды сүзүп, качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу кыз №3 шаардык ооруканага жеткирилген.
«Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 7-мартта «Мазда» үлгүсүндөгү унаанын 1965-жылы туулган айдоочу кармалды. Ал Бишек ШИИБдин тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү. Бул факт Жазык кодексиндеги 155-берене (автотранспорттук каражаттардын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды», — деп айтылат маалыматта.