• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек–Ош жолунда мунай ташыган унаа өрттөнүп, эки адам каза болду

25 Үчтүн айы 202617:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек–Ош жолунда мунай зат ташуучу унаа өрттөнүп, эки адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкек – Ош унаа жолунун 140-чакырымында мунай зат ташуучу унаадан өрт чыккандыгы жөнүндө билдирүү түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:36да бир бөлүм тартылып, саат 14:44тө тилсиз жоо толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 2 адам каза болду, учурда өздүгү такталууда.

Кырсык катталган жол эки тараптуу ачылып, унаалар тоскоолдуксуз өтүп жатат.

Количество просмотров: 212