12 жылдык билим берүү. Качан башталып, кайсы жылы аяктайт?
12 жылдык билим берүү. Качан башталып, кайсы жылы аяктайт?
1 Жетинин айы 202414:12 Бишкек Govori.TV
КР Министрлер Кабинети Кыргызстандын 12 жылдык жалпы билим берүү системасына өтүү концепциясын бекитти. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул документ жалпы орто билим берүүнү заманбап талаптарга жана чакырыктарга ылайыкташтырууга негиз түзөт.
12 жылдык билим берүүгө өтүү Концепциясы эл аралык стандарттарга жана башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү тажрыйбасына таянып, эксперттердин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан.
12 жылдык билимге өтүү этап этабы менен жүргүзүлөт:
Даярдоо этабы – 2021-жылдан 2025-жылга чейин. Бул мезгил аралыгында билим берүү стандарттары жана программалары жаңыланып, мугалимдер окуудан өтүп, инфраструктура даярдалат.
Баштапкы этап – 2025-2026-окуу жылында 5,5-6 жашка чейинки балдар 12 жылдык мектептин 1-классында окуй башташат. Мектепке чейинки мекемелерде жана мектептерде «Наристе» аталган мектепке чейинки билим берүү программасын аяктаган балдар жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 2-классына өтүшөт. Бардык өтүүлөр 2025-26-окуу жылынан 2027-2028-окуу жылына чейин болот. 2025-2026-окуу жылында: 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2015-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтүшөт. 11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2012-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтүшөт. 2026/2027-окуу жылында: 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2016-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтүшөт. 11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2013-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтүшөт. 11 жылдык мектептин 9-классынын окуучулары (2010-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 11-классына өтүшөт. 2027/2028-окуу жылында: 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2017-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтүшөт. 11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2014-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтүшөт. 11 жылдык мектептин 9-классынын окуучулары (2011-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 11-классына өтүшөт.
Финалдык этап: 12 жылдык мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат 2027/2028-окуу жылынан тарта берилет. Толук 12 жылдык мектепти биринчи бүтүрүүчүлөр 2036/2037-окуу жылында (2019-жылы туулган) аякташат.