Күн мурун Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунда «12 жылдык билим берүү: Алдыга кадам» аттуу тегерек стол өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага жогорку окуу жайлардын илимий иштер боюнча проректорлору, окутуучулары, студенттери, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, жаш окумуштуулар катышты.
Белгилей кетсек, министрликтин буйругуна ылайык 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө илимий коштоо жүргүзүү үчүн профессорлор, академиктерден турган жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топтун координатору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын илимий иштери боюнча проректору Нурмира Абдыбекованын айтымында, жумушчу топ март айынан бери семинар, эл аралык конференция жана тегерек столдорду университеттердин базасында уюштурууда.