• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Иштеп жатам деген вице-мэр депутаттарга колун көрсөттү

12 Бугу 202516:20 Бишкек Govori.TV

Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев иштеп жатканынын далили катары күнгө күйгөн колун көрсөттү.

12-майда Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында шаардагы жолдорду оңдоо жана куруу маселеси каралып, учурда сегиз чоң көчөдө иштер жүрүп жатканын вице-мэр белгиледи.

Жыйында сөз алган депутат Сыргак Майрамбек уулу көчөлөрдү реконструкциялоодо реформалар жүрбөй жатканын айтты.

Ага жооп берген Ырсалиев бөлүнгөн каражаттын алкагында комплекстүү иштер жүргүзүлүп жатканын айтты.

«Бөлүнгөн 4,5 миллиарддын чегинде иштеп жатабыз. Мен дагы 15 жыл мурун депутат болгонмун, бул жерде олтуруп айтууга оңой, бирок жеринде абал башкача», — деди вице-мэр.

Количество просмотров: 944