• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

13-июнда күтүлгөн аба ырайы

12 Кулжа 2022 20:40 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең 13-июнда түнү кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт. Бийик тоолорго кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп, кээде ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 15…20, күндүз 27…32,

Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24,

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 29…24,

Бишкек шаарында түнкүсүн 18…20, күндүз 27…29 болот. Күн күркүрөп, өткүн өтүшү күтүлөт.

Количество просмотров: 192