• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

13 күндөн бери дайынсыз болгон өспүрүм изделүүдө

21 Бештин айы 2023 10:06 Бишкек Govori.TV

Ноокатта 13 күндөн бери дайынсыз болгон өспүрүм изделүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында Ош облусунун Ноокат районундагы Гулистан айылынын 15 жаштагы Р.Э. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Аны акыркы жолу Жаңы-Ноокат айылынын Сапарбай каналынын жээгинен көрүшкөн.

Кечээ, 20-декабрда жерине издөө-иштерин улантуу максатында 4 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө токтотулган. Натыйжа болгон жок.

Издөө иштери бүгүн, 21-декабрда улантылат.

Количество просмотров: 113